Site icon Reporter.kg

Мамлекеттик чек ара кызматы: Кыргыз-Өзбек чек арасында абал туруктуу

Өзбекстандык чек арачылар кыргыз жарандарынын 520 баш майда жандыгын кайтарып берди. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугуп, жаңжал басылганын, аймакта абал туруктуу экенин билдирди.

6-январда кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Абал курчуп кетип, өзбек аскерлери асманга эскертүү иретинде ок аткан. Андан эч ким жабыркаган эмес.

Окуя Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы Ак-Курча деген жерде болгон. Кыргызстандыктардын кой-эчкиси эки өлкө ортосундагы такталбаган аймакка өтүп кеткендиктен, өзбек аскерлери аларды алып коюшкан. Коңшу өлкөнүн чек арачылары менен жандыктардын ээлери жаңжалдашып кеткен.

Өзбек тарап азырынча маалымат тарата элек. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району менен Өзбекстандын Наманган облусу чектешкен аймакта 19 миң гектардан ашык аянт талаштуу деп эсептелет. Эки мамлекет тең жарандардын ортосунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат.

Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымга созулат. Анын 85% такталганы расмий айтылган.

Exit mobile version