Site icon Reporter.kg

Мамлекеттик дарыканаларды ачуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова мамлекеттик дарыканаларды ачууну комитет жыйынында  сунуштап, бир катар жүйөлөрдү келтирди.

“Дары-дармектердин бааларын жеке менчик дарыканалар менен көзөмөлдөй албайбыз. Андыктан, мамлекеттик дарыканаларды ачуу маселесин комитет жыйынына алып чыгып депутаттар менен кошо Саламаттыкты сактоо министрлиги, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте механизмин иштеп чыгалы. Атайын мамлекеттик дарыканаларды ачпасак элге кыйын болуп кетет”-деди Ашимова.

Exit mobile version