Мамлекеттик ипотекалык компания 2023-жылдын сентябрь, октябрь айларында Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо» (KFW) программасы боюнча 1 миллиард 350 миллион сомдон ашык суммага 670 ипотекалык насыя берди. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге көп болуп саналат.
2020-жылдан 2023-жылга чейин 2,3 миллиард сомго 1 миң 445 насыя берилген.
Ипотекалык компаниянын маалыматында, KFW программасы боюнча каржылоо 2024-жылы улантылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз