Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарга 135 батирди баштапкы төлөмсүз берди

Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарга 135 батирди баштапкы төлөмсүз берди

«Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын жүзөгө ашыруу алкагында 9 кабаттан турган 135 батир «Мамлекеттик ипотекалык компания» аркылуу жарандарга берилди. Аталган батирлер «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому менен «Турак жайды ижара менен сатып алуу» механизми боюнча келишим түзгөн жарандарга тапшырылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров айтты.

«Турак жайды ижара менен сатып алуу» механизми боюнча медицина, билим берүү, маданият жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызматкерлер Бишкек шаарынын «Тунгуч» кичирайонундагы жаңы 9 кабаттуу үйдөн батир алышты. Жарандар турак жайды баштапкы төлөмсүз, насыяны жылдык үстөгү 6 % менен 15 жылга алышты. Аларга турак жай насыя толугу менен төлөнүп бүткөндөн катталат. Бул көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бардыгы бир бөлмөлүү, алардын максималдуу аянты 75 кв. м. түзөт», — деди Аскаров.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 135 батирлүү үйгө борбордук жылуулук жана газ өткөрүлгөнүн, батирлерде лоджии, айнектери темир-пластиктен жана кирүүчү эшиги темирден жасалганын эске салды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>