Site icon Reporter.kg

Мамлекеттик ипотекалык компанияга 5,5 млрд сом бөлүнөт

Мамлекеттик ипотекалык компанияга 5,5 млрд сом бөлүнүп берилет. Мындай маалыматты президент Садыр Жапаров “ВБ” редакциясына курган маегинде билдирген.

Мамлекет башчысынын айтуусунда, аталган компания азыр кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге турак жай берип бүтсө, андан кийин каалаган жарандарыбызга 25 жылдык мөөнөт менен бере башташат.

Белгилей кетсек, былтыр министрлер кабинети Мамлекеттик ипотекалык компанияны 5,2 млрд сомго капиталдаштырган, ошондой эле «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак-жай программасы кабыл алынган.

Exit mobile version