Site icon Reporter.kg

Мамлекеттик ипотекалык насыяга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев мамлекеттик турак-жай саясатын ишке ашырууну мониторингдөө боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, координациялык кеңештин жүрүшүндө ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында сатылып алынган турак жайлардын параметрлерин өзгөртүү маселеси каралды.

Кожошев белгилегендей, программанын негизги максаты – жеңилдетилген жана жеткиликтүү ипотеканын шарттарында жеке турак жайга муктаж жарандардын көпчүлүк бөлүгүн камсыз кылуу.

«Турак жайды алуу шарттары ийкемдүү жана аткарууга мүмкүн болушу керек. Жарандарга кыйынчылык туудурган шарттарды түзүүнүн кереги жок. Жарандарды турак-жай менен камсыз кылуу маселеси учурда министрлер кабинетинин күн тартибиндеги артыкчылыктуу багыт болуп саналат жана бул маселе президенттин өзгөчө көзөмөлүндө турат», — деди Кожошев.

Өз кезегинде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова белгилегендей, дүйнөдөгү саясий окуяларга, ошондой эле АКШ долларынын курсунун туруксуздугуна байланыштуу «Менин үйүм 2021-2026» программасына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Кеңири талкуунун жыйынтыгы боюнча турак жайдын 1 чарчы метринин максималдуу баасы 60 миң сомдун ордуна 70 миң сомго чейин көтөрүлдү. Ошол эле учурда, 1 чарчы метр үчүн максималдуу баа боюнча чектөөлөр акыркы 10 жылдын ичинде пайдаланууга берилген турак жайларга жайылтылбайт. Ошондой эле, алынган турак жай иштеген жеринен 60 чакырым алыс эмес, же иштеген жери боюнча облустун административдик-аймактык чегинде жайгашуусу тийиш.

Exit mobile version