Мамлекеттик издөөдө жүргөн кылмышкер 16 жылдан кийин кармалды

Мамлекеттик издөөдө жүргөн кылмышкер 16 жылдан кийин кармалды

16 жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн шектүү ушул жылдын ноябрында Москвадан кармалды. Шектүү заводдон баасы 4 миллион 673 миң сомдон ашкан материалдык байлыктарды чыгарып, качып кеткен 62 жаштагы О.М атту жаран экени аныкталды. Анын буга чейин Севастополь шаарында жашап келгени белгилүү болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Ал Бишкек шаарынын Алматы көчөсүндөгү ишканалардын башкы директору болуп иштеп турганда башканын ири өлчөмдөгү мүлкүн уурдоо максатында компаниянын кызыкчылыгына каршы келгенине карабастан жабдууну сатуу боюнча буйрук чыгарган», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүгө жасаган кылмышын жабуу үчүн жасалма документтерди колдонгон, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, штамп, мөөрлөрдү жок кылган жана башканын ири көлөмдөгү мүлкүн уурдаган деген айып тагылууда.

Учурда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү кылмышка шектүүнү Кыргызстанга кайтаруу аракеттерин көрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>