Site icon Reporter.kg

Мамлекеттик карызды төлөөгө эки айда 4,1 млрд сом сарпталды

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө республикалык бюджеттен 4 млрд 129,2 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Анын 2 млрд 514,9 млн сому тышкы карыз, дагы 1 млрд 614,3 млн сом ички карызды төлөөгө кеткен.

Белгилеп кетсек, февраль айында мамлекеттик карызды төлөөгө 2 миллиард 117,4 млн сом бөлүнгөн. Бул январь айына (2 млрд 11,8 млн сомго) салыштырмалуу 105,6 млн сомго көп.

Эске салсак, алдын ала маалыматтар боюнча, 31-январга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 631 млн долларды түзгөн, анын 61%ы тышкы насыялар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version