Мамлекеттик маданий мекемелерге фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салынат

Мамлекеттик маданий мекемелерге фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салынат

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде  «Фонограмма жөнүндөгү» мыйзамы талкууланды. Ага министр Нуржигит Кадырбеков, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев, музыка чөйрөсүнүн жоон тобу катышты.

Талкуу учурунда колдонуудагы мыйзамдын ченемдери так аткарылбай жатышы жана бүгүнкү күндөгү маданий иш- чараларда ыгы жок колдонулуп жаткан фонограммалар тууралуу маселелер каралды.

Учурда кыргыз маданиятынын өкүлдөрү арасында жандуу үн менен жогорку деңгээлде ырчылык өнөрдү аркалап жаткан ырчылар жок эмес. Бирок ошол эле мезгилде алдын ала жаздырылып, шөкөттөлгөн ырлар басымдуу болуп жаткандыгы белгиленди. Мунун алдын алууда, ага каршы туруп, жандуу үн менен концерт берүү багытына басым жасап, элди алдоодон алыс болушу керек деген пикирлер айтылды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кесипкөй үн режиссер жокко эсе. Талкуу учурунда эстрада багыты боюнча чет элдин тажрыйбаларын колдонуу, жаш өсүп келе жаткан кардарларды окутуу, эстрадалык орекестрларды көбөйтүү, чыгармачылык деңгээлди көтөрүү жана оранжировка багытыттары айтылды.

Жыйынтыгында, колдонуудагы Кыргызстандын “Фонограмма жөнүндөгү” мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, ырчылыктын профессионалдык деңгээлин көтөрүү демилгеси айтылды. Ошону менен катар, аталган мыйзамдын негизинде жакынкы аралыкта Маданият министрлиги тарабынан мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салган буйрук чыгары айтылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>