Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин «Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик мекемеси дээрлик 2 млн сомго унаа сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка караганда, аталган мамлекеттик мекеме Toyota RAV 4 унаасын 1 млн 950 миң сомго сатып алууну пландап жатат. Toyota RAV 4 2016-2018-жылдар аралыгында чыккан болуш керек. Ошондой эле унаанын өңү ак же күмүш түстө жана ичи булгаарыдан кара түстө болушу кажет.
Тендер боюнча арыздар 8-июнга чейин кабыл алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз