Site icon Reporter.kg

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору алмашты

Алмазбек Примов Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы бүгүн, 28-мартта билдирди.

Анын ордуна аталган агенттиктин директору болуп Тимур Малбашев дайындалды.

Аталган чечимге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Exit mobile version