Мамытов: Элди биримдикке үндөөдө теле-радио кызматкерлеринин эмгеги чоң

Мамытов: Элди биримдикке үндөөдө теле-радио кызматкерлеринин эмгеги чоң

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Прзиденттин расмий сайтына жарыяланган куттуктоодо, элди ынтымакка, биримдикке үндөдө теле-радио кызматкерлеринин ролу чоң экени белгиленген.

“Өлкөбүз бүгүнкүдөй оор кырдаалды баштан кечирип турган чакта элди ынтымакка, биримдикке үндөп, ынанымдуу маалыматтарды ыкчам жеткирүүдө сиздердин эмгегиңиздер зор. Мамлекетибиздин туура багытта өнүгүүгө жол алышында коомду калыс маалымат менен камсыздоо, келечек муундардын аң-сезимине, дилине руханий баалуулуктарды терең сиңирүү башкы максат. Мына ушул милдетти  ишке ашыруу сиздердин чыгармачылык дараметиңиздерден түздөн-түз көз каранды”, – деп жазылат анда.

Өлкө башчынын милдетин аткаруучу кесиптик майрамын белгилеп жаткан кызматкерлерге  чыгармачыл ийгиликтерди жана изденүүлөрдү каалаган.

Белгилей кестек, Кыргызстанда биринчи1958-жылдын 8-декабрвнда Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхында алгачкы телеберүү обого чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>