Мамытов: Кыргызстан адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт

Мамытов: Кыргызстан адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт

Президенттин милдеттин аткаруучу Талант Мамытов бүгүн, 10-декабрда, кыргызстандыктарды Эл аралык адам укугун коргоо күнү менен куттуктады.

Мамытов Кыргызстан дүйнө коомчулугу менен бирге Эл аралык адам укугун коргоо күнүнүн 72 жылдыгын белгилеп жатканын айтып, төмөнкүлөрдү билдирди.

«Адам укугу — бул туулгандан тартып ар бир адамга таандык болгон негизги укуктар жана эркиндиктер. Алар ар намыс, адилеттик, теңдик, сый-урмат жана көз карандысыздык сыяктуу жалпы баалуулуктарга негизделет. Алар мыйзам менен белгиленген жана корголот.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгон күндөн тартып укуктук мамлекетти куруу жолуна түшүп, Конституцияда адамдын жогорку баалуулугу деп анын укуктарын жана эркиндигин белгиледи, ошондой эле ар бир мамлекеттин милдети жарандардын кызыкчылыгын бардыгынан жогору коюу болуп саналат. Адилеттик жана мыйзамдын жоболорун сактоо принциптери биздин өлкөнүн ар бир жараны коргоодо болушу үчүн турмуштагы негизги ченем катары каралууга тийиш.

2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуялар Кыргызстандын эли адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту бек сактарын жана адам укуктарын коргоо бардыгынын жана ар бир адамдын кызыкчылыгын көздөөрүн дагы бир жолу далилдеди. Адамдын укуктарын сыйлоо ар бир кыргызстандыктын бакубаттыгын шарттайт, коомдун ичинде туруктуулукка жана бейпилдикке өбөлгө болот.

Кыргызстан бакубатчылыкка жана өнүгүүгө умтулуп, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», — деп жазылат президенттин милдетин аткаруучунун куттуктоосунда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>