Мамытов Маданият-Жалал-Абад жолунун курулушу менен таанышты  — сүрөт

Мамытов Маданият-Жалал-Абад жолунун курулушу менен таанышты  — сүрөт

Президентинин м.а. Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Маданият-Жалал-Абад автожолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Талант Мамытов жаңы салынып жаткан жолго кечээ, 20-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында барган.   

Маданият-Жалал-Абад автожолунда  асфальтбетон  асты 9 см жана үстү 6 см болгон эки катмардан туруп, 67 чакырымды түзөт.

Талант Мамытов жол курулушу менен таанышып, Кыргызстанда жолдор өзгөчө мааниге ээ экендигин айтты.

«Стратегиялык трассалар өлкөнүн бардык облустарын бириктирип турат жана бир катар чет мамлекеттердин ортосундагы жол коридорунун бөлүктөрү болуп саналат. Бул Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, миллиондогон адамдардын жашоо-тиричилигине кызмат кылат», — деген Мамытов.

[su_image_carousel source=»media: 52258,52259,52261,52262″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>