Site icon Reporter.kg

Мамытов Ташиевдин парламентке курал алып келгени боюнча оюн айтты

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Талант Мамытов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өткөн апталарда парламенттин жабык жыйынына 2 ящик курал алып келген окуя боюнча Reporter.kg’ге ою менен бөлүштү.

Ал аталган окуя коомчулукка чыгып кеткенин айтып, бул боюнча президент Садыр Жапаров да оюн билдиргенин белгиледи.

Мамытов ошол күндөрү өлкөдөгү абал кыйын болуп тургандыктан, көңүлдү парламентке буруу туура болбой турганы эске алып, окуяны жарыя кылып, жыйындагы талаш-тартышты сыртка чыгарышкан эместигин айтып өттү.

Аны менен бирге Мамытов парламенттин беделин түшүрүү аракети болгондуктан, ал төрага катары депутаттарды коргогонун билдирди.

«Төрага болгондон кийин депутаттардын кадыр-баркын коргоо спикердин милдетине кирет. Өзүмдүң милдетимди аткардым. Албетте парламентке карата туура эмес иш-аракеттер болду. Парламенттин беделин түшүрүүгө аракеттер болду. Ошондуктан мен ошондой кадамдарга бардым»,— деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиевдин парламентке 2 ящик курал алып келгени тууралуу депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыккан. Аталган окуядан кийин Мамытов төрагалыктан кеткен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version