«Манас» аэропорту 12-сентябрдагы эл аралык рейстердин учуп келүү зонасындагы абал жөнүндө түшүндүрдү

«Манас» аэропорту 12-сентябрдагы эл аралык рейстердин учуп келүү зонасындагы абал жөнүндө түшүндүрдү

«Манас» эл аралык аэропортуна 2020-жылдын 12-сентябрында жүгүртмөдөн сырткары эртең мененки үч рейс учуп келди – бири Москвадан 33 минута эрте жана Стамбулдан 27 минута эрте, ал эми Екатеринбургдан келген учак 57 минута кечигип конду. Бекитилген жүгүртмө боюнча «Флай Дубай» авиакомпаниясынын учагы убагында конду. Учактардын учуп келип конуу аралыгы 3-5 минута болчу. Натыйжада 900 учуп келген жүргүнчү бир мезгилде паспорттук көзөмөлдөн өтүүгө аргасыз болгон. Ушуга байланыштуу кезек пайда болгон. Бул тууралуу аталган аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти.

Паспорттук көзөмөл жана келген жүргүнчүлөрдү каттоо үчүн чек ара көзөмөлүнүн 8 кабинасы иштеген. Эпидемиологиялык абалдан жана учуу өлкөсүн көзөмөлдөө зарылдыгынан улам «Электрондук дарбаза» тутуму убактылуу иштебейт.

«МЭА» ААК каттамдарды убакыт боюнча туура бөлүштүрүүгө мүмкүн болушунча аракет көрүүдө, бирок көпчүлүк каттамдар чет өлкөлүк авиаташуучулар тарабынан «Манаска» чет элдик аэропорттордон аткарылып жаткандыктан, негизги багыт учуп кетүү аба майданынын жүгүртмөсүнө ылайык алынат. Авиакомпаниялар менен каттамдардын туруктуулугу боюнча иштер үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүүдө.

«МЭА» ААК тейлөө сапатын жогорулатуу максатында аэробекеттердин бөлмөлөрүн кеңейтүү, реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда «Манас» аэропортунда, эл аралык рейстердин жүргүнчүлөрү тейлене турган, АВК-2 терминалынын жаңы имаратын ишке киргизүү боюнча иш аягына чыгууда. Имаратты ишке берүү 2020-жылдын декабрына пландаштырылууда.

«Манас» аэропорту региондук авиалиниялардын аэропорту катары долбоорлонуп жана курулганын да белгилеп кетүү керек. Демек, инфраструктурасы дагы чет өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдүн мындай санына арналган эмес.

«МЭА» ААК келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт жана көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>