«Манас» аэропорту Араб Эмиратынан келген гумжардамдын учагын тосуп алды

«Манас» аэропорту Араб Эмиратынан келген гумжардамдын учагын тосуп алды

Бириккен Араб Эмираты Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бүгүн, 23-апрелде Эл аралык «Манас» аэропорту «Etihad Airways» авиакомпаниясынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча жеке коргоочу каражаттар жана медициналык дары-дармектерди камтыган гуманитардык жүк менен келген самолетун тосуп алды.

Жардам көрсөтүү ушул жылдын 6-апрелиндеги президент Сооронбай Жээнбеков менен Абу-Даби Мураскер-принци, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын телефон менен сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жетишилген келишимдин натыйжасында ишке ашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>