«Манас» аэропорту аркылуу учкан жүргүнчүлөрдүн саны өсүүдө

«Манас» аэропорту аркылуу учкан жүргүнчүлөрдүн саны өсүүдө

Ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча «Манас» Эл аралык аэропорту аркылуу учкан жүргүнчүлөрдүн саны 2 млн 715 миңди түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жүргүнчүлөрдүн саны 1.7 пайызга өскөн. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти.

Ички авиалиниядагы жүргүнчүлөр 868 миңди түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу 4.4%га кыскарган, эл аралык жүргүнчүлөр – 1 млн 845 миңди түзгөн, өткөн жылга караганда 4.8%га өскөн. Бир сутка ичинде ААК «ЭМА» орточо эсеп менен 9.9 миң жүргүнчүнү тейлеген.

Андан сырткары:

-ААК «ЭМА» Бишкек филиалы 14.7 миң каттамды, 1 млн 588 миң жүргүнчүнү тейлеген;

-ААК «ЭМА» Ош филиалы 8.2 миң каттамды, 1 млн 112 миң жүргүнчүнү тейлеген;

-ААК «ЭМА» Ысык-Көл филиалы 264 каттамды жана 16 миң жүргүнчүнү тейлеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>