Site icon Reporter.kg

«Манас» аэропорту директорлор кеңеши үчүн 3,3 млн сом жумшайт

“Манас” эл аралык аэропортунун акционерлери 2021-2022-жылдарга директорлор кеңешинин мүчөлөрүн күтүүгө кеткен чыгымдардын сметасын бекитти. Мындай чечим акционердик коомдун кезексиз жыйынынын жыйынтыгында кабыл алынды.

Сметага ылайык, директорлор кеңешин кармоого акционердик коомго 3 миллион 336 миң 618 сом керектелет. Дээрлик ушундай эле сумма – 3 млн 79,9 миң сом, ишкана текшерүү комиссиясын кармоого жумшайт.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдагы ишмердиктин жыйынтыгы боюнча мекеменин акционерлери 3,3 млрд сом киреше күтүшөт.

Exit mobile version