Site icon Reporter.kg

«Манас» аэропорту Москвага болгон каттамдар убактылуу токтотулганын билдирди

аэропорт Манас

Бүгүн, 7-майда «Манас» эл аралык аэропорту Бишкек-Москва авиакаттамдары убактылуу токтотулганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Мосвкадагы «Домодедово» аэропортунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:30да уча турган YK960 каттамы уча элек. Ушул эле себеп менен «Домодедового» учуп бара турган YK883 каттамы кармалып тургандыгы айтылды.

Учурда «Манас» аэропортунда 130 жүргүнчү күтүп жатат. Алар тамак-аш менен камсыз болору айтылды.

Белгилей кетсек, өткөн түнү Москвага учкучсуз учактар кол салган.

Exit mobile version