«Манас» аэропорту VIP залдардын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту

«Манас» аэропорту VIP залдардын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту

Коронавирусту жайылтпоо үчүн өлкөнүн бардык ири аэропортторунда VIP-залдардын жана расмий делегациялар залынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.

“Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, мындай чечим Республикалык штабдын сунуштамасынын негизинде кабыл алынган.

Жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн тейлөө аэропорттордун жалпы залдары аркылуу жүргүзүлөт.

Эске салсак, аэропорттордун терминалдарына кирүүгө коргоо беткаптары жана авибилет менен гана уча турган жүргүнчүлөргө уруксат берилет. Бардык жүргүнчүлөр кирерде автоматташтырылган термометрден жана дезинфекциялык тоннелдерден өтөт. Аэропорттордун имараттарында социалдык аралыкты сактоо боюнча белгилер бар.

Эске салсак, 8-июндан тарта «Манас» аэропорту туруктуу ички жүргүнчү ташыган авиакаттамдарын тейлөөнү жанданткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>