Манас аэропорту жолунда жүрүп бара жаткан унаа күйдү. Бул туурасында фейсбук колдонуучусу Валерия Хегай жазды.
Анын айтымында, кесиптешинин унаасы менен кетип бара жаткан. Аңгычакты эле күйүп баштаганда тышка чыгалы десек, эшиктери ачылбай калды. Айла кеткенден терезелерин сындырып, эшикке чыктык. Бир өрт өчүрүүчүбүз эч нерсеге жетпей калды, бирок, эл деген эл экен туш тараптан өрттү өчүрүп калды.
Өрт эмне себептен болгону туурасында так маалымат жок.