“Манас” аэропортунда ишкерди өлтүргөн шектүүлөрдүн акча алып бараткан видеосу жарыяланды  — видео

“Манас” аэропортунда ишкерди өлтүргөн шектүүлөрдүн акча алып бараткан видеосу жарыяланды  — видео

Инсаграм социалдык тармагындагы BespredelKG баракчасына  “Манас” аэропортунан 39 жаштагы ишкер Хусан Каримовду өлтүрүүгө шектүү делген адамдын видеосу жарыяланды.

Хусан Каримовдун сөөгү 23-октябрда кечке маал аэропортко жакын жерде токтоп турган автоунаанын багажынан табылган.

«22-октябрь күнү жеберүүчүлөр Ош-Бишкек каттамы аркылуу чоң суммадагы акчаны катардагы жүргүнчү аркылуу жиберип, ага Хусан Каримовдун телефон номерин беришкен. Ал Хусан Каримовго телефон чалып, акчаны бермек. Бирок кимдир бирөө маалыматтан кабардар болуп, Хусанды өлтүрүп, анын телефонун алууга дардык көрүп жатышкан. Анткени алар Хусанга телефон чалуу болорун билишкен. Ошентип алар Хусанды өлтүрүп, сөөгүн багажга салып, телефонун алышып, акчаны алып келген адамдын алдынан чыгышкан. Жүктү алып келген адам кылмышкерлердин колундагы Хусандын телефонуна чалып, акчаны аларга берген. Видеодо кылмышкерлердин аэропортко кантип киргенин жана кантип чыгып кеткени көрсөтүлгөн. Ал күнү Хусанга 10 миң доллар акча келмек». — деп жазган BespredelKG

Айрым маалыматтарга караганда, Хусан Каримов Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин акча ташыган курьери болгон.

Ал эми  Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен.  “Азаттыктын” иликтөөсүндө ал аркылуу Кыргызстандан миллиондогон долларлар чыгарылып турганы айтылат.

12-октябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалган. Түкиялык басылмалар кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экендигин жазып чыккан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>