Site icon Reporter.kg

«Манас» аэропортунда туманга байланыштуу каттамдар кармалууда

Бүгүн, 16-декабрда Эл аралык «Манас» аэропортунда коюу туманга байланыштуу авиа каттамдар кармалууда. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Такталган маалымат боюнча учурда коюу тумандан 50 метрден ары көрүнбөй жатат.

«Жүргүнчүлөрдөн авиа каттамдын кармалуусун туура түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөбүз», — деп айтылды.

Каттамдар тууралуу маалымат алуу үчүн байланыш телефондор:  (0312) 69-31-09.

Exit mobile version