Site icon Reporter.kg

«Манас» аэропортунун акцияларын сатып алуу сунушталды

аэропорт Манас

Кыргыз фондулук биржасында “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын акцияларын сатуу боюнча сунуш жарыяланды. Бул тууралуу «Акчабар» жазды.

Сатыкка 648 даана акция чыгарылды, бирөөсүнүн наркы 849 сом, жалпы суммасы 550 миң 152 сомду түзөт.

Белгилеп кетсек, 26-январда аэропорттун акциясынын баасы бир сомго кымбаттаган. Муну менен бирге, Кыргыз фондулук биржасынын маалыматы боюнча, жайгаштыруу баасы 17,84 сомду түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version