Site icon Reporter.kg

«Манас» аэропортунун кызматкерлери тамакка ууланып, 7 ооруканага жаткырылган

Бишкектеги «Манас» аэропортунун 9 кызматкери тамакка ууланды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер 20-июлдан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 9 кызматкер кайрылган. Кайрылгандардын 7 ооруканага жаткырылып, экөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылган.

Алар 18-июлда түшкү жана кечки тамактануу үчүн аэропорттун аймагындагы «Экипаж» ашканасында даярдалган муздак куксиге ууланышкан.

Ооруканага жаткырылган 7 адамдын абалы учурда туруктуу.

Exit mobile version