«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун атын өзгөртүү тууралуу чечим чыкты. Бул тууралуу «Акчабар» өздүк булактарына таянып жазды.
Бүгүн, 19-декабрда компаниянын акционерлеринин жыйыны өтүп, акционердик коомдун аты өзгөртүлгөн. Көпчүлүк добуш менен акционердик коомго «Кыргызстандын аэропорттору» деген ат берилген.
Эскерте кетсек, буга чейин «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун атын өзгөртүү пландалып жатканы кабарланган. Ошол эле учурда компанияга тиешелүү борбор калаанын четиндеги «Манас» аэропортунун аты ошол бойдон калары айтылган. Ал «Кыргызстандын аэропорттору» ААКсынын Бишкектеги филиал болот.