Манас Ниязов ойногон «Ала-Тоо» командасы көк бөрү боюнча жогорку лигага өттү

Манас Ниязов ойногон «Ала-Тоо» командасы көк бөрү боюнча жогорку лигага өттү

Белгилүү улакчы Манас Ниязов ойногон «Ала-Тоо» командасы жана Ысык-Көлдүн «Мурас» командасы көк бөрү боюнча жогорку лигага өттү. Бул тууралуу Көк бөрү улуттук федерациясы Instagram баракчасына жазды.

Эрежеге ылайык, президенттик кубокто биринчи лигада биринчи жана экинчи орунду камсыздаган эки команда автоматтык түрдө жогорку лигага өтөт.

Ал эми буга чейинки жогорку лигадагы оюн көргөзүп жүрүшкөн «Бакубат-Талас» жана «Кара-Буура», «Ат-Башы» командалары биринчи лигага түшкөн.

Белгилей кестек, Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата 3-8-ноябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн көкбөрү боюнча президенттин кубогунда биринчи лиганын баш байгесин “Мурас”, экинчи орунду “Ала-Тоо” командасы ээлеген.

Буга чейин Оштун “Достук” командасында ойноп келген чабуулчу Манас Ниязов жана «Достуктун» капитаны Таши Майлибашев «Ала-Тоо» командасына өтүшкөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>