Site icon Reporter.kg

Манас районуна жаңы аким дайындалды

Эрмекбай Омошев Таластын Манас районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Чечимге Садыр Жапаров кол койду.

52 жаштагы Эрмекбай Омошев 2024-жылдын мартынан бери Чүйдүн Ысык-Ата районунун акими кызматында иштеп жаткан.

 

Exit mobile version