Site icon Reporter.kg

Манас жолу: Мотоцикл 50 жаштагы аялды өлтүрө сүздү

1992-жылы туулган мотоциклдин айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 50 жаштардагы аялды сүзгөн. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде жабырлануучу окуя болгон жерден мүрт кеткен.

Окуя 19-сентябрь күнү кечки сегиздер чамасында болгон. Бул туурасында Чүй облустук милициясы билдирди.

Киши коюп кеткен мотоцикл айдоочусу Сокулук милициясына окуяны териштирүү үчүн алып кеткен.

Алдын-ала маалыматтарга ылайык, жолдун боюндагы Учкун-2 айылынын тургундары жолду жабышкан. Алар  бийликтен жол чийиндерин коюп берүүлөрүн талап кылышууда. Болбосо көп кырсыктар болуп жатканын  жүйө келтиришкен. Жергиликтүү жашоочулар саат 23:00 чамасында жолду ачып, тарашкан.

Exit mobile version