Site icon Reporter.kg

«Манас»аэропорту: Эл аралык каттамдардын саны 31%га өстү

«Манас» аэропорту акыркы үч жылда тейленген каттамдардын жалпы саны 27%га өстү. Бул тууралуу «Акчабар» эл аралык аэропорттун башкармалыгынын төрагасы  Манасбек Самидиновго шилтеп кабарлайт.

Ал эми эл аралык каттамдар 31%, ал эми ички каттамдар 19% көбөйдү.

Жылдын аягында жалпы каттамдардын саны дээрлик 43 миңди түздү.

Акыркы үч жылдын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу 41% өсүп, анын ичинен эл аралык жүргүнчүлөрдүн агымы 53%га, ички каттамдар 17%га жогорулады.

“Манас” аэропорту тейлеген жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 5 млн 606 миң 912 жүргүнчүнү түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 480 миң 985 жүргүнчүгө же 9%га көп болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version