Site icon Reporter.kg

Манаслудагы кыргыз альпинисттери турган лагерде кар көчкү жүрдү — видео

Гималайдагы Манаслу тоосунда кыргызстандык альпинисттер турган лагерде кар көчкү жүрдү. Бул тууралуу кыргызстандык экспедициянын курамында болгон Илим Карыпбеков фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, кар көчкү 35 чатырды алып кетти. Лагердегилердин көбү (95%ы) чокуну багындырганы чыгып кеткендиктин, лагерь бош болуп, эч ким жабыркаган эмес.

«Кудай сактады! Биздин лагерде көчкү түшүп аман калдык! Мен чынында ушу менен күнүм бүттү го деп ойлодум. Бүгүн дүйнө жүзүндө эң кыйын деген алпинисттер өлүм алдында баары бир болуп каларын көрдүм. Бир канчасы сыртка жүгүрүп качып жөнөдү. Биздин балдар чатырдын эшигин жаап, темирлерин кармап баштады. Айрымдар столдун астына киришти. Мен бир тиземди бүгүп, табияттын күчүн кабыл алып, ичимден бир эле нерсени — «кар алдында канча секунд же мүнөт  чыдай алар болду экем?» деп ойлондум. «Күнүмдүн акыры көчкүнүн алдында жазылган турбайбы» дедим», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 1-октябрда кыргызстандык альпинисттер Манаслу чокусун багындырышкан. Алар чокуга Кыргызстандын туусун жана «Манас» эпосун көтөрүп чыгышкан.

Кыргызстандык альпинисттер Манаслу чокусун багындырды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version