Site icon Reporter.kg

Диплом чыры: Эки депутаттын доо арызы сотто каралууда

Депутаттык мандатынан ажыратылган  Фархат Исмаиловдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча арызы Бишкек шаардык административдик сотунда 17-июлда каралып, алдын ала угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи соттук отурум 3-августта болот. Ал эми Фарходбек Алимжановдун доо арызы бүгүн, 18-июлда саат 14:00дө каралат.

Буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду 6-июлда мандатынан ажыраткан. Алар БШКнын чечими боюнча сотко арызданган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version