Site icon Reporter.kg

Марафон: Эдил Байсалов 10 чакырымга чуркады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Run the Silk Road эл аралык  марафонунда 10 чакырымга чуркады.

Эдил Байсалов чуркоо тууралуу журналисттерге  комментарий берип жатып, бул анын марафонго катышуудагы биринчи тажрыйбасы эмес экенин билдирди.

«Бул аралыкты болжол менен 1 саат 12 мүнөттө чуркадым. Биринчи келген жокмун, бирок акыркысы дагы эмес. Лондондо марафондорго катышып жүрчүмүн, азыр жумушка байланыштуу чуркабайм. Ошентип, бүгүн даярдыксыз чуркадым. Бирок кыйын болгон жок, тескерисинче, 10 чакырымга чуркоо чоң кубаныч болду», — дейт Эдил Байсалов.

Exit mobile version