Site icon Reporter.kg

«Маралдын» журналисттери Түрк мамлекеттер уюмунун саммитин чагылдырууга киргизилген жок

Бишкекте өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитин чагылдырууга «Марал» радиосунун журналисттери киргизилген жок. Бул тууралуу аталган басылма жазды.

Басылма билдиргендей, саммитке журналисттерди каттоо 19-октябрда президенттик администрация тарабынан жүргүзүлгөн. Ал эми бейджиктерди чыгаруу милдети Тышкы иштер министрлигине жүктөлгөн. Иш-чарага «Марал» радиосунан үч журналист катталган.

Бүгүн, 6-ноябрда редакциянын журналисти иш-чарага барганда анын бейджиги жок экени айтылган. ТИМдин маалымат кызматы техникалык себептен улам 13 журналисттин бейжиги чыкпай калганын билдирген. Бирок кайсы журналисттер жана кайсы ЖМКлар катталбай калганын ачыктаган эмес.

«Марал» радиосу ТИМден расмий түшүндүрмө талап кылат жана медиаларга тандалма мамиле жасалбашы керектигин билдирет. Редакция буга чейин мамлекеттик иш-чараларды, президенттердин визиттерин чагылдырып жүргөн», — деп билдирет басылма.

Эскерте кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркия мүчө болуп саналат.

Уюмга мүчө Түркия «Марал» басылмасын маркум динаятчы Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына таандык деп эсептейт. Ал эми Гүлендин кыймылын ФЕТӨ террордук уюму (Фетхуллахчы террордук уюму) деп жарыялаган. Түркия Гүленди 2016-жылы төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптап келет.

Ошол эле учурда «Марал» радиосу өзүн көз карандысыз медиа экенин билдирип, айтылган айыптоолорго четке кагат.

Exit mobile version