Site icon Reporter.kg

Марат Черикчиев «Кыргыз почтасын» жетектейт

«Кыргыз почтасы» ААКнын директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Акционерлердин чечими менен директорлор кеңешинин мүчөлөрү Нургазы Сатимкулов, Үсөналы Бекишев жана Бахтияр Болгонбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Ошол эле учурда «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директорлугуна мурда башкы директордун орун басары болуп иштеген Марат Черикчиев шайланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version