Марат Жанталиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

Марат Жанталиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

Белгилүү актёр жана куудул Марат Жанталиевдин сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең менен  актёрдун Учкун конушундагы үйүндө өтүп, ага бийлик, маданият өкүлдөрү, маркумдун жакындары жана күйөрмандары катышкан.

«Бопуш» деген ат менен калың журтка таанылган Марат Жанталиев , 9-июнь күнү 59 жашында оорудан улам каза болгон.

Ал 1961-жылы 3-мартында Нарын облусунун Кара-Кужур өрөөнүндөгү Лахол айылында туулган.

Алгачкы чоң ролун Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” тасмасында жараткан. Актёр көп жылдан бери  Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында эмгектенип келген. Ошол эле учурда ал бир карат фильмдерде роль жараткан.

2017-жылы «Саякбай» фильминде улуу манасчынын ролун эң жогорку чеберчилик менен аткарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>