Site icon Reporter.kg

Марипов Өзбекстандын Манас айылындагы кыргыз диаспорасы  менен жолукту

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстандагы жумушчу сапарынын алкагында Жизак районунун Манас айылында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Ташкент шаарында жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Премьер-министр Өзбекстанда жашаган мекендештерге кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын аяр сактагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Мен биздин жолугушуубузга жана Кыргызстандын президентинин атынан салам жолдоо мүмкүнчүлүгү үчүн кубанычтамын. Тилекке каршы, программанын жыштыгына байланыштуу биз айылга бара албай калдык, ошол эле учурда сиздердин аман-эсендигиңиздерден жана бакубат жашооңуздардан кабар алып сүйүнүп турабыз. Этностук кыргыздар жашаган айылды өнүктүрүүгө жана көрктөндүрүүгө чоң көңүл буруп жаткан Өзбекстандын жетекчилигине ыраазычылык билдиргим келет”, — деген Улукбек Марипов.

Диаспоранын өкүлү белгилегендей, учурда Өзбекстанда 300 миңден ашуун этностук кыргыздар жашайт.

“Борбордон ыраак жайгашкан Манас айылы өткөн кылымдын 60-жылдары пайда болгон. Бүгүнкү күндө анда 6,5 миңден ашуун адам жашайт. Биз жеке жолугушуу жана кеңири маектешүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазыбыз. Бизде баары жетиштүү, биз үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жалпысынан Өзбекстанда 55 жалпы билим берүүчү кыргыз мектеби бар, анын 14ү толук кыргыз тилдүү мектептер болуп саналат. Мамлекет башчынын Өзбекстандагы сапарынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттер аралык чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону жыйынтыктоо боюнча сүйлөшүүлөр активдештирилет деп ишенебиз”, — деген Рахматулла Джаббанов.

Премьер-министр кыргыз диаспорасынын сунуш-пикирин угуп, кызыктырган суроолорго жооп берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү алкагында Өзбекстандын Жизак облусунун Манас айылынын “Маржан” көркөм ыр бий ансамбли тарыхый мекенине, Кыргызстанга келмекчи.

Белгилей кетсек, премьер-министр Улукбек Марипов Ташкент шаарына Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышуу үчүн барган.

Exit mobile version