Site icon Reporter.kg

Марипов Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси болду

Улукбек Марипов

Мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кечээ Улукбек Мариповдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жактырган.

Exit mobile version