Site icon Reporter.kg

Тажикстан менен чек арада убактылуу чектөөлөр киргизилди

Улукбек Марипов

Тажикстан менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

«Бүгүнкү күндө биз үчүн чек ара маселеси – эң маанилүү маселелердин бири. Бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда. Биз аны сөзсүз түрдө чечебиз. Көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечүү менен катар биз чектерибизди чыңдоо максатын коюудабыз. Ал үчүн биздин чек арачылар үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүдөбүз. Мамлекетик чек араны чыңдоо маселесинде жергиликтүү тургундар маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан сиздерди сабырдуулукка жана түшүнүшүүгө чакырам. Чектеш аймакта жашоонун маанисин мында жашаган тургундар мыкты түшүнөт. Мен ар дайым бул адамдарды элибиздин баатырлары катары белгилеп келем. Дагы бир ирет кайталап кетем: биздин негизги максатыбыз – карапайым калктын жашоо-турмушун жакшыртуу. Ал үчүн зарыл нерселерди биз ырааты менен биргеликте ишке ашырабыз», — деди Улукбек Марипов.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы «Карамык» чек ара заставасына барып, «Карамык — Автожол» жаңы өткөрүү пунктунун курулушу менен таанышкан.

Өткөрүү пунктунда чек ара, бажы, санитардык-карантиндик, ветеринардык-фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл жүргүзүлөт.

Объекттеги курулуштун негизги бөлүгү апрелде жыйынтыкталган, өткөрүү пункту бажы кызматына берилген. Бардык курулуш иштери жыйынтыкталган соң, өткөрүү пункту толугу менен пайдаланууга берилет.

Exit mobile version