Site icon Reporter.kg

Марипов Сауд Арабияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту

Улукбек Марипов

18-февралда Кыргызстандын Сауд Арабия Королдугундагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарында жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда элчи жарандарга КРнын президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, жаштарды колдоо, ошондой эле мамлекеттик саясат тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча коюлган милдеттер тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандарга жана студенттерге бардык кызыккан суроолоруна, анын ичинде билими тууралуу документтерди тариздөө жана иштөөгө уруксат берүү тартиби боюнча суроолорго жооптор берилди.

Элчи Сауд Аравиясында билим алып, иштеп жаткан Кыргыз студенттери жана иштеген жарандары үчүн кошумча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди, ошондой эле аларды элчилик менен биргеликте пландаштырылган спорттук жана маданий иш-чараларга активдүү катышууга үндөдү.

Exit mobile version