Site icon Reporter.kg

Маркум Айзаданын иши боюнча алгачкы соттук отурум белгиленди

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын иши боюнча биринчи соттук отурум 27-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болот. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Айзаданы өлтүрүү боюнча кылмыш иши өз өмүрүнө кол салган Замирбек Теңизбаевдин өлүмүнө байланыштуу кыскартылган. Ал эми милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергеп жатат.

Белгилей кетсек, алгач интернетке кызды ала качып кеткен тасма жарыяланган. Бир нече күндөн кийин кыздын жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси автоунаадан табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча ала качкан адам, кызды муунтуп өлтүрүп кийин өз жанын кыйган.

Милициянын маалыматы боюнча кызды уурдап барып өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган адам Орусияда каракчылык үчүн 6 жыл абакка кесилип жаза мөөнөтүн өтөп келген.

Бул окуяга байланыштуу «милиция жоопкерчиликсиз мамиле кылган» деген топ адамдар ички иштер министри иштен кетүүсүн талап кылып митингге чыгышкан.

Ал эми президент бул окуяны жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

 

Exit mobile version