Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримова 13 жыл 4 айга кесилди

Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримова 13 жыл 4 айга кесилди

Өзбекстандын мурдагы президенти маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова 13 жыл 4 айга кесилди. Мындай чечимди бүгүн, 18-мартта Ташкент шаардык соту чыгарды.

Аталган мамлекеттин Жогорку сотунун басма сөз кызматы анын жаза мөөнөтү 2015-жылдын 21-августунан эсептелерин билдирди.

Белгилей кетсек, Каримовага 2015-жылы Швеция, Швейцария менен АКШда кылмыш иштери козголуп, миллиард доллардай каражатты өздөштүрүп алган деп айыпталган. 2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Каримова Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган.

Кийин үй камагына которулуп, бирок быйыл март айында үй камагынын тартибин бузган деген айып менен Ташкент облусундагы абакка киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>