Site icon Reporter.kg

Марлен Маматалиев: Күйүүчү майдын баасы, доллардын курсу түшсө дагы азык-түлүк арзандаган жок

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ар кандай» маселелер сааты өтүп жатат. Анда депутат Марлен Маматалиев мындан бир ай мурда азык-түлүктүн баасы жогорулаган, эми ошол бойдон калганын айтып, аткаруу бийлигин сынга алды.

«Ундун баасы 1300 сом болчу, кийин 1600 сомго чыгып, ошол бойдон калды. Учурда доллардын курсу, күйүүчү майдын баасы түштү, ал эми азык-түлүктөргө болгон баа көтөрүлөт дагы, алар кайра түшкөндө түшүрбөйбүз. Ушуга көңүл буруп коюу керек. Эл жыргап кеткен жок, дагы деле кыйналып жатат», — деди Маматалиев.

Exit mobile version