Маршруттук таксиден балалуу аялды күч менен чыгарып салган айдоочу жумушунан четтетилди

Маршруттук таксиден балалуу аялды күч менен чыгарып салган айдоочу жумушунан четтетилди

Бишкекте коляскасы менен маршруттук таксиге түшкөн балалуу аялды күчкө салып чыгарып салган айдоочу убактылуу ишинен четтетилди. Бул тууралуу «Reporter.kg» маалымат агенттигине шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Атыканов билдирди.

Анын айтуусунда, айдоочу түшүнүк кат жазды. 

«Айдоочу башында салондун ичинде эки жүргүнчүнүн ортосунда пикир келишпестик орун алганын айтты. Ал маршруткадагы кырдаалды жөнгө салууга аракет кылган жана аялга эмоцианалдуу айтып алган», — деп билдирди Атыканов.

Белгилей кетсек, күбө № 185 маршруттук таксинин айдоочусу балалуу аялды унаадан түртүп түшүрүп салганын социалдык тармакка жазган.

«Жүргүнчү аял орундукка отурбай турган. Колундагы коляскасы жыйналуу, эч кимге тоскоолдук жараткан эмес.Айдоочу коляскасы көп орундукту ала тураганын айтып, көп жүргүнчү сала албай турганын айтып, аялды унаасынан түртүп чыгарып салды», – деп жазган күбө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>