Март айында 6 миңден ашык медкызматкер компенсациялык төлөмдү алышты

Март айында 6 миңден ашык медкызматкер компенсациялык төлөмдү алышты

Март айында 6 283 медициналык кызматкер 36 млн 704 миң 639,62 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөмдү алышты. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

Бишкек ш. – 1112 медициналык кызматкерге 8 млн 744 миң 861,08 сом;

Ош ш.– 362 медкызматкерге 1 млн 725 миң 788, 69 сом;

Ош облусу – 1047 медкызматкерге 7 млн 64 миң 552,15 сом;

Жалал-Абад облусу – 1182 медкызматкерге 5 млн 460 миң 615,99 сом;

Чүй облусу – 835 медкызматкерге 3 млн 733 миң 704,93 сом; 

Баткен облусу – 500 медкызматкерге 3 млн 336 миң 514,11 сом;

Нарын облусу – 499 медкызматкерге 2 млн 655 миң 464,44 сом;

Ысык-Көл облусу – 479 медкызматкерге 2 млн 629 миң 737,1 сом; 

Талас облусу – 267 медкызматкерге 1 млн 363 миң 401,22 сом.

Кыргызстанда жалпы 241 медкызматкерге коронавирус жуккан. Анын 189у оорудан айыгып, кайрадан иштерине кайткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>