Марттын соңунда Баткенде насостук станция ишке берилет

Марттын соңунда Баткенде насостук станция ишке берилет

Баткен районунда 25-мартта насостук станция ишке берилет. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Баткен районунун чек аралаш аймактарындагы таза суу жана сугат суу обьекттеринин курулуштарынан кабар алды.

Ал Баткен районунун Ак-Сай айылынын Бакай участкасында жаңы жерлерди өздөштүрүү жана жергиликтүү элдин социалдык абалын жакшыртуу, чек ара аймагын бекемдөө максатында курулуп жаткан насостук станциянын курулушу менен таанышкан.

“Насостук станциянынын жалпы наркы 55,0 миллион сом болсо, буга чейин аталган обьектке 50 миллион сом бөлүнүп берилген. Курулуштуу 25-мартка карата аяктоо болжолдонууда”, — деп кабарланат.

Ыйгарым укуктуу өкүл насостук станцияны пайдаланууга берүүнү тездетүү жана электр энергиясына байланыштуу маселелерди чечүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берген жана Өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул маселени чечүүнү өзү да көзөмөлгө алганын айткан.

“Насостук станциянын ишке берилиши менен Ак-Сай айылында 131 гектар жаңы жерлер өздөштүрүлөт жана  225 га жерге сугат суу берүү жакшыртылат. Аталган аймакка таза суу обьектисинин курулушу үчүн буга чейин мамлекет тарабынан 13,5 миллион сом каражат ажыратылып, Ак-Сай айылына 14 километр алыстыктагы Суулуу-Таңги жайлоосунан таза суу линиясы тартылып келген”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>