Кыргызстанда мас абалында унаа айдаган жарандарды эки жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККББ) тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды.
Азыркы мыйзам боюнча мас абалында унаа башкарганы үчүн жаран 1 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. ЖКККББ жазаны катаалыраак кылып, мас айдоочуларды 2 жылга, кийин ал жоругун дагы кайталаса 4 жылга күбөлүктөн ажыратууну сунуштоодо. Ошондой эле жарандан унаасы убактылуу алынат.
Андан тышкары мыйзам долбоорунда айдоочулук күбөлүк ала элек туруп, мас болуп алып унаа башкарган жарандарды 10 күнгө камакка алуу каралган. Азыр ал жаза 3 күндү түзөт. Ушул эле жорук үчүн жаш курагы 60тан ашкан эркектер, 55тен ашкан аялдар, I, II топтогу майыптыгы бар адамдар, боюнда бар аялдар камакка алынбайт, бирок 20 миң сом айыпка жыгылат.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев мас айдоочуларды күбөлүктөн ажыратуунун ордуна 100 миң сом айыппул салууну сунуштап, тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.
Мас айдоочуларды күбөлүктөн ажыратуунун ордуна 100 миң сом айып салуу сунушталды