Мас болуп унаа сүзгөн судьяны иштен алуу сунушу Президентке жөнөтүлдү

Мас болуп унаа сүзгөн судьяны иштен алуу сунушу Президентке жөнөтүлдү

Мас абалында унаа айдап баратып жол кырсыгына кабылган судья Элмира Сулайманованы кызматынан алуу сунушу колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Жогорку сотунун төрайымы Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына, судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында  сунушу  жөнөткөн.

“Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын  2020-жылдын 27-январындагы  чечими менен  Жогорку соттун төрайымынын сунушу канааттандырылып,  Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы  Элмира Сулайманова  тартип  жоопкерчилигине тартылып,  мөөнөтүнөн мурда  бошотуу туурасында тартиптик жаза көрүлдү”, — деп жазылат маалыматта.

Бул чечимдин негизинде президент Сооронбай Жээнбековго аталган судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунуш жөнөтүлгөн.

Белгилей кестек, Элмира Сулайманова 30-декабрь күнү Жаңы-жылдык кечеден мас абалында баратып,  «Нексия» машинесин сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Тартип сакчылары анын артынан кууп барып кармап, 3 берене боюнча пратокол толутурушкан.

Окуянын видеосун жергиликтүү телеканалдын журналисттери тартып алышкан. Видедодо ошондой эле судьянын жанында эч кандай документтер жок болуп чыккан.

Кийин Элмира Сулайманова өзүнө карата тузүлгөн протоколду жокко чыгарууну суранып Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>