“Газпром балдар үчүн” спорттук-эс алуу комплексинде 14-15-март күндөрү Мас-рестлинг боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Мелдештер эркектер арасында төмөнкү салмак категориялары боюнча өткөрүлөт: 60 кг чейин, 65 кг чейин, 70 кг чейин, 75 кг чейин, 80 кг, 90 кг чейин, 105 кг чейин, 105 кг жогору; аялдар арасында: 55 кг чейин, 65 кг чейин, 75 кг чейин, 85 кг чейин, 85 кг жогору.
Ага 17 жаштан жогорку спортчулар катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз